
Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
23-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАлдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 23-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.
Жабырлануучунун айтымында, ал 2021-жылдын жазында Тамерланга (аты өзгөртүлдү) 6 миллион сомдон ашык акча берген, анткени ал Лебединовка айыл аймагындагы Анар-Бак жаңы имаратынан жер тилкесин мыйзамдаштырып, документ түзүүнү убада кылган. Бирок аягында Тамерлан убадасын аткарбай, акчаны өз муктаждыгына жумшаган.
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталды.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Т. жана аны убактылуу кармоочу жайга камап, кийинчерээк сот аны камакка алган.
Тергөө иштери уланууда.