Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелгендер кыйноого кабылгандарын айтты. Милиция муну четке кагат

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелгендер кыйноого кабылгандарын айтты. Милиция муну четке кагат

25-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна 3 адамдан арыз түшкөн. Алар Чүй облусунун Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгандарын айтышкан.

Арызда 2023-жылдын 20-июлунда милиция кызматкерлери Д.А.ны РИИБдин имаратына жеткирип, сабап, тепкилеп, кылмышты моюнга алдыруу үчүн башына уксус куюлган баштыкты кийгизгени айтылган. Кыйноо саат 11:00дөн таңкы саат 4кө чейин уланганы белгиленген.

Бул кайрылуудан кийин 27-июлда Кыйноолорду алдын алуу борбордун кызматкерлери Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына барышып, Д.А.нын жаракат алганын аныкташкан.

«Р.Д., Р.Ю.нын 20-июлдагы билдирүүсүнө ылайык, милиция кызматкерлери аларды Сокулук РИИБине чакырып, мекемеге келгенден кийин кызматкерлер аларды сабап, тээп, баштарына уксус куюлган баштык кийгизишкен. Кыйноолорго туруштук бере албай калганда Р.Д. өзүнө каршы, ал эми Р.Ю. агасы менен атасына каршы көрсөтмө берген», — деп айтылат борбордун маалыматында.

Кыйноолор боюнча бардык арыздар УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Милиция кыйноолор болду деген билдирүүнү четке какты

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан жогорудагы маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Булак: Аргумент кж