
Чүйдө 15 жаштагы кызга үйлөнгөн жигит жана аларга нике кыйган имам кармалды
20-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЧүйдүн Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жашы жете элек кызга үйлөнгөн 21 жаштагы жигит кармалды. Андан тышкары түгөйлөргө нике кыйган имам да кармалганын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жигит 2008-жылы туулган С.Н. аттуу кызга үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган Р.А. кыйган.
Бул факты боюнча 175-берене (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Чүйдө 15 жаштагы кызга үйлөнгөн жигит жана аларга нике кыйган имам кармалды
Булак: Аргумент кж