Чүй облусунун губернаторлугуна Урмат Самаев чуркап атабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Салмактуу кадрлар, өз ишин мыкты билгендер Чүй облусунун губернатору кызматына барышпай, өздөрүн оолак кармашып, сактанып турушканы каңкууланды. Мындай шартта Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев алдыга умтулуп, Сары Өзөндү бийлөөгө ниеттенип калдыбы? Чүй облустук администрацияда, Токмок мэриясында бекеринен сөз чыгып атпагандыр. Дал ушул “Чемпиондун” губернатор болору болжонууда. Өкмөт, президенттин аппараты азырынча “ак” же “көк” дей элек. Профессионал кадр табылып калса, Урмат Самаев экинчи планда калабы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg