Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси пара менен кармалды

Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси пара менен кармалды

24-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик прокуратурасынын Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте ушул жылдын 23-июнунда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси А.У.Р. пара алып жаткан жеринен крмады.

Прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 50 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.

Адис 20 000 АКШ долларын алып жаткан учурда кармалды.