Саясат

Чоң муштумдун кыялындагы чоң максаттары

“Бир Бол” саясий партиясы 2010-жылы түзүлүптүр. Либералдуу деп аталганы менен багыты өтө эле чалкешкен партия. Бир лидер башкарбайт партияны, 19 саясий кеңешменин мүчөсү аныктайт дегени менен Алтынбек Сулайманов бул партиянын негиздөчүсү да, каалагандай калчай турган лидери да экендиги жумурай журтка маалым.
Эми Алтынбек Сулаймановго келсек саясий чөйрөдө “Челюсть” деген каймана ат менен белгилүү. Жеткен чоң муштум, чогоол киши. Бир кезде Жогорку Кеңештин залында канжалашып, чеке жарылган мушташтын автору. “Челюсть” аты да менимче ошондон улам коюлган болуш керек, же жасалма жаагы барбы айтор ошондой.
Ал эми партиясынын курамына келсек, “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” демекчи чекеден спортсмен, соң муштумдар катарын түзөт. Арасын тала тоноочулукка шектелип камалгандары жок эмес. Мушташ клубдарын жетектеген партиянын мүчөлөрү шаардык депутаттыкка , мэрликке чейин жеткендери бар. Кыскасы криминал менен саясий топтун айкалышуусунан пайда болгон партия десем жаңылышпайм.
Алтынбек Сулаймановдун акыркы убакта кандайдыр бир кооптуу багытка тымызын түшкөнүнө шек жок. Анткени ал Өмүрбек Чиркешович Текебаевден “мастер класс” алган сыяктуу. Акылдуу, ырааттуу, куюлуштура сүйлөөнү үйрөнүп баратат. Бирок , өлкөнүн өнүгүүсү үчүн, кыргыз элинин пайдасы үчүн кашайып бир да кадам таштабайт. Ал ыңгайлуу учурду күтүп, балким ата мекенчилерге окшоп морадерлукка камынып жүрөбү ким билсин. Кыскасы күздө өтүүчү парламенттик шайлоодон көзү өтүп турган чагы.

Сайракан Салиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *