Чоң апамды торт менен бетке чаап, катуу капа кылдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Апасын торт менен бетке чаап куттуктаган видеону көрүп, ушинтип куттуктасам эл көп көрүп, комментарий көп жазат турбайбы деп, ТикТоктон популярдуу болуш үчүн чоң апама ушинтип «пранк» жасоону чечтим.
Дүкөндөн эң арзан торт сатып келип, карындашымды телефонго тартууну айттым. Антээримди ал деле билген эмес. Сырттан үйгө таягын акырын таянып кирип келе жаткан чоң апама, «Сизге белек» дегенимде, «Кагылайын, бар бол» деп тортту алайын деп жатканда бетине басып жибердим да, каткырып калдым. Карындашым жулкунуп келип «акмак турбайсызбы» деп мени жаакка чаап, чоң апамдын бетин тазалап баштады.
Чоң апам өзүн жаман сезип, эс-учун билбей кулап түштү. Баягы күлкүмдүн учун таппай, чабалактап айланып, апалап калдым. Сырттан апам чуркап келип, тез жардам кызматын чакырды. Алар келгенче апам чоң апамдын жүзүн тазалап, эсине келтире албай жатты. Тез жардам келип, жасалма дем алдырып жатып араң өзүнө келтирди.
Чоң апамдан тизелеп олтуруп кечирим сурап, өңгүрөп ыйладым. Кечинде атамдан катуу келтек жедим. Чоң апам «кечирдим, балам» дегени менен азыркыга чейин катуу уялып жүрөм. Ошондон кийин ТикТок тарткыс болдум.
ТикТок, пранк тарткан достордон өтүнөөрүм, тамашага салаардан мурун анын көңүлүн оорутуп албоону ойлонгула! Кийин мага окшоп өкүнүп калбагыла!
Менин бул жазгандарымды чыгарып бергениңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем.

Аргумент.kg