Чолпон Талипбек: “Амир, менин атымды унут! Бир күн Кудай алдында сөзсүз жооп бересин…”

Чолпон Талипбек: “Амир, менин атымды унут! Бир күн Кудай алдында сөзсүз жооп бересин…”

19-жетинин айы, 2019-ж // //
Бир топ убакыттан бери ырчылар Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек бирге аткарган “Жүрөгүм эзилет” дуэтинин артынан чырдашып, бири-бирине карата көптөгөн ачуу сөздөр менен кайым айтышып келе жатышат. Бул чырга чекит коюууну чечкен Чолпон Талипбек мындан ары бул ырды ырдабай тургандыгын айтып, төмөндөгүчө билдирүү калтырды:
“Бүгүн Ош шаарынын студенттерин майрамы менен куттуктап, “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырым менен кош айтыштым. Бул  ырды сүйүп уккан ар бир угарманга терең ыраазычылык билдирем. Ырдын аткаруучуларынын бири катары, ырды бардык радио, телеканалдардан алдыруу үчүн каттар жөнөтүлдү, жана интернет булактарынан да ырдын клибин көрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, Алтынбек Алымовдун калемине таандык бул ырды Амир Аскаровго да аткарууга тыюу салам. Мен бул ырдын жаралуусуна көп эмгегимди жумшадым, ошол үчүн да бул ыр менен коштошуу мага оор болду. Ошенсте да, мен мындан ары таланттуу, бирок, ичи тар адамдын кемсинтүүлөрүн көтөрө албайм. Бул адамда талатка караганда, ич күйдүлүгү басымдуу экени өкүнүчтүү. 
Амир, мындан ары менин атымды унутуп, интригаларыңды токтотууңду талап кылам. Мени менен иштешкен адамдар менин кандай экенимди билишет, жана мени каралоо менен өзүңдүн эле репутацияңды түшүрүп, чыныгы жүзүңдү көрсөтүп жатасың. Сенин талантыңды баалап, сен үчүн кылгандарымдын баркын бир күн билесин. Мен үчүн бул окуя чоң сабак болду, мындан ары сендейлер менен мамиле кылбаганга аракет кылам. Баары үчүн менин алдымда болбосо да, Кудай алдында бир күн жооп бересин…”,– деген ырчынын билдирүүсүнө Амир Аскаров да жооп берип:
“Ит уро берет – кербен журо берет… Достор! Мен айтпасам деле менин ойлорумду, жана кандай адам экенимди билесинер. Баары алдыда! Мен силерди жакшы кором, жана кылган жакшылыктарынарды эч качан унутпайм!”- деген пост калтырды.