Чолпон- Атадагы » Мейкин Азия » фестивалынын баш байгесин Казакстандык ырчы алды

Чолпон- Атадагы » Мейкин Азия » фестивалынын баш байгесин Казакстандык ырчы алды

22-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Чолпон-Ата шаарында өткөн «Мейкин Азия» III эл аралык фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы Айна
Калмаганбетова женип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Сыйлыкты министрлер кабинетинин терагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды
Белгилуу болгондой, женүүчү баш байге катары 5 мин доллар акчалай сыйлык, «Мейкин Азия» фестивальнын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.
Биринчи орунду Руслан Асанкан (Кыргызстан, 3 мин доллар), Бегюм Текакпынар (Тундук Кипр, 3 мин доллар), экинчи орунду Сарвиноз Камалова (Өзбекстан, 1,5 мин доллар) жана Надо Талевска (Тундук Македония, 1,5 мин доллар), ал эми учунчу орунду Адильхан Макин (Казакстан, 1 мин доллар) жана Касиет Идрисова (Кыргызстан, 1 мин доллар) алды.
Андан тышкары, Туркиялык ырчы Жевхер Аксой фестивалдын атайын сыйлыгы менен сыйланды
Эскерте кетсек, кечээ, 20-августта фестивалдын жыйынтыктоочу куну етту. Иш-чара 18-августта башталган. Анын алкагында
Кыргызстан, Казакстан, Озбекстан, Азербайжан, Венгрия, Туркия, Тундук Кипр, Босния жана Герцоговина, Орусия, Болгария Тундук Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчыларынын конкурсу өтту
Сынакка жалпысынан дуйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышты
Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик белгилуу аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты

Булак: Аргумент кж