
Чоң энем жигитимдин бул жоругун көрүп «аның жакшы күйөө болбойт» деди
20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЧоң энем атайын айылдан келген. Бүгүн жигитим менен тааныштырмакмын. Апам байкуш таң эрте туруп боорсок бышырып жүрөт. Атам билгизбегени менен ал деле күйпөлөктөп орун таппайт. Кеч кирди. Алтыга чакыргам. Жок. Чалсам албайт. Сегизде келди. Кийимин айтпай эле коеюн. Ачуум келгени ичип алыптыр. Жыттанды. Аябай уялдым.
— Эмне толкунданып ичип алдынбы?
— Жок ай, досумдун туулган күнүн куттуктап калдык.
— Мен сага алтыда дебедим беле.
— Келдим да акыры. Кана «мамаша», «папаша»?
Ачуум келди. Апама, чоң энеме гүл да албаптыр. Мен айткам. Майда бирок маанилүү нерсе да, туурабы?
Төрдө отурду. Талтайып алган. Атам ачуусун араң кармап турат. Апам билгизбейт. Чоң энем унчукпай отурат. Ар кайсыны сүйлөп, керсейип жатты. Бир нерсени айтып коеюн, жигитимдин үй-бүлөсү бай, бизден жакшы турушат. Балким, ошон үчүнбү?
Тамак салып жатсам чоң энем келди. «Кызым, тандоо өзүңдө. Бирок, ата-энеңди сыйлабаган жигит жакшы күйөө болбойт. Сүйүүнүн көзү көр дейт. Сен ага чыгам десең деле каршы болбойбуз. Болгону шашпа кызым. Сен жакшыга татыктуусуң.»
Сыртка чыктык. Жигитим коштошуп бетимден өбөйүн деди. Өзүмдү алып качтым.
«Биздин үй-бүлөдө силердей байлык жок. Бирок, бул нерсе биз силерден начарбыз дегенди билдирбейт. Жакшы кал.»
Булак; Аргумент кж