Чет өлкөгө кеткен Чыңгыз Айдарбеков жумушка чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков («Альянс» фракциясы) жумушка чыкты. Ал бүгүн, 26-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынына катышууда. 27-ноябрга караган түнү Айдарбеков партиялашы Эмил Жамгырчиев менен чогуу Казакстанга бара жаткан.

Бирок аларды «Ак-Жол — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арачылар өткөрүшкөн эмес. Ал жерге УКМКнын кызматкерлери барып, депутаттарды УКМКга алып кетишкени айтылган. Кийинчерээк Жамгырчиев УКМКдан чыкканы белгилүү болгон. Ал эми Айдарбековдун дайыны чыкпай калган.

Депутат Элвира Сурабалдиева да Айдарбеков менен байланыша албай жатканын билдирген. Ошондой эле кесиптештери Казакстанга маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бармак экенин жазган. 28-ноябрда УКМК Айдарбеков кармалбаганын жана суракка алынбаганын жарыялаган. Ошондой эле Айдарбеков чек арадан Казакстандын аймагына өткөнүн кошумчалаган.

Ал эми «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев кесиптеши жана партиялашы Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албай турганын, Айдарбеков бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына да кат жазганын билдирген. Андан соң Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эмне үчүн байланышка чыкпай калганын түшүндүргөн. Ал Казакстанга куран окутканы барганын, андан соң дарылануу үчүн башка өлкөгө кеткенин белгилеген, бирок кайсы мамлекетте дарыланып жатканын жазган эмес.

Аргумент.kg