Коом

Чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандары шайлоого добуш бере алышат

Чет ѳлкѳлѳрдѳ иштеп жана окуп жүргөн кыргызстандыктар үчүн маалымдоо үчүн мобилдик топтор иштей баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматты, БШКнын мүчөлөрү Санкт-Петербургдагы жана Ленинград облусундагы мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өткөн. Анда БШК мүчөсү Кайрат Маматов Кыргыз мамлекетиндеги шайлоо тутумун реформалоонун башкы жетишкендиги – бул “Бир шайлоочу – бир добуш” принцибин ишке ашыргандык болуп саналарын белгиледи. Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери жана саны, жарандары консулдук эсепке коюу, биометрикалык каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

21-сентябрдан тартып мобилдик топтор Орусияда иштей баштады. Москвада жана Санкт-Петербургда жолугушуулар болуп өттү. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмень, Томск, Хабаровск, Казань, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар мерчемделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *