
Чет элдик аялды зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаевдин иши сотто каралат
28-жалган куран, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери ОсмоналиеваГерманиянын жаранын зордуктоого шектелип жаткан актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто бүгүн, 28-мартта каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот жабык эшик артында өтөт.
Эскерте кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.
Ушул жылдын 11-январда актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыгарылган.