Чек ары жаңжалы. 13 кыргыз жараны каза болду

Чек ары жаңжалы. 13 кыргыз жараны каза болду

30-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Саат 7.50дө кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин жабыркагандардын жалпы саны 134.Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Анда 13 адам каза болгондугу айтылат.
Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды.
Эки жабырлануучунун абалы оор.