
Чек ара чырында каза болгон Мадинанын элеси эми эстеликте
16-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБаткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Анда “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.
Жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов тарабынан жасалган кыргыз-тажик чек ара окуясынын курмандыгы болгон Мадинанын эстелигинде колуна кармаган жети көгүчкөн тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символун чагылдырган