
Чеченстанда журналист менен адвокат сабалды. Кадыров эмне дейт?
06-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЧеченстанда «Новая газетанын» журналисти Елена Милашина менен адвокат Александр Немовго кол салуу боюнча Рамзан Кадыров биринчи жолу реакция жасады. Ал «кол салгандарды аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүүнү» тапшырганын айтты.
«Компетенттүү кызматтарга кол салгандарды аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүүнү тапшырдым. Бийлик окуя тууралуу кабар болгондон кийин дароо ишке киришти», — деп жазган Кадыров өзүнүн Telegram каналында.
4-июнда Грозныйда Милашина менен Немовго беткапчан адамдар кол салышкан. Немовдун Федералдык Юристтер палатасына билдиргенине караганда, 10-12дей адам юрист менен журналист бараткан таксини токтотуп, айдоочуну унаадан чыгарып, 150 метрдей айдап, Милашина менен Немовду унаадан сүйрөп чыгышкан. Немовдун айтымында, аларды тээп, бетине жана денесинин башка жерлерине «кандайдыр бир таяк менен» сабашкан. Адвокаттын бутуна бычак сайылган. Немов ошондой эле кол салгандар аларды атып салабыз деп коркутуп, башына мылтык такап, бардык жабдууларды алып кетишкенин айткан.
Булак: Аргумент кж