Коом

Чарчадым мен… Күчтүү аял да чарчай турганын эч ким билбесе керек

Солкулдаган жаш кезим көз ачып-жумганча өтүп кетти. Атам өттү, апам аркасынан кетти, бир туугандарым чоңоюп, ар бири өз ордун тапты. Азыр кылчайсам, ордумду таппай калган сыяктуумун. Мен гана ошол үй-бүлөнүн сасыткы жумурткасындаймын. Анткени турмушум болбоду.
38 жашымда төрөп алдым. Өзүм үчүн төрөдүм. Мында эмне күнөө? Кызым азыр бир жашка чыкты, коом алдында, эл алдында да күнөөм бар кишидей корунам. Эмне үчүн? Мен аялдык, энелик милдетимди аткаргым келди. “Карып, төшөктөн тура албай калганда эмне болом?” деп корктум. Чын эле. Агам, иним, сиңдим келип эки барактан турган “уяткаруу докладын” окуп кетишти. Тилимди тишиме катып, үн катпадым. Анткени аларда жок болсо да, менде уят бар экен. Өлөр алдында апамдын «бир туугандарыңды сага тапшырдым, көз бол, кыялдары корс, баарын сен жайгарып, акылың менен туура жолго сал» деген сөзүн эстеп туруп, үн катпадым.

Менин аялзаты экенимди алар унутуп койсо да, мен унутпадым. Мага мээрим, кимдир бирөөнүн камкордугу керек экенин, күчтүү болсом да аял экенимди алар эстешкен жок. Өх, мен чарчадым… Жашоомдогу болгон төңкөрүштөрдөн, өзгөрүштөрдөн, өзүмдүн амбициямдан, эркектер менен теңтайлаша күч сынашкандан, башкалардын жүгүн мойнума алгандан чарчадым.

Атасы экенин билсе да кызына фамилиясын бере албаган коркок эркектин коңулга жашынганы жанымды кейитти. Өзүм чоңойткон бир туугандарымдын мага жашоону үйрөткөнү жаныма батты.

Чарчадым мен… Күчтүү аял да кайсы бир учурда чарчай турганын эч ким билбесе керек. Бүгүнкү маанайым ушундай, акырында сүйүктүү каарманым Скарлетт О’Хара сымал «Мен аны эртең ойлоном, ал маселени эртең чечем» дейин да, уктайын….

Айзада

(my_devochki_kg)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *