Коом

Чалым ашыктыктын айынан ырчы кызга акчасын чачып жатат

Салыматсызбы менин катымды чыгарып бериңизчи. Жашым 50 ашкан, ушул жашка келгенде бир чоң көйгөй чалым болду. Пайгамбар жашынан өтуп калганда небересиндей болгон ырчы кыздын артынан чуркап жүрөт. Ал кыз элге толук деле тааныла элек. Менин улуу неберемден ашып кетсе беш баш улуу. Чалымдын мындай кадамдарын аяшымдын кызы билет экен. Ал кыз да ырчы кыз аралашып калган чөйрөгө барып калат. Аны аяшым айтып берди. Ишенбейин десем чын эле үйдө жарым жылаңач болгон жаш кыздын сүрөттөру туруп калчу. Мен аны капарыма албай неберелеримдики деп жүргөн экем.  ал кызга унаадан бери алып берди деп айтканынан жүрөгунөн тубаса кемтик менен төрөлгөн небереме деп чогултуп сактап жүргөн акчаны банкан барып сурадым. Чын эле ал кача калбаптыр. Чыгартып алган кагазда жалан анын алган акчалары экен. Баарынан да бир жарымдагы неберемдин ырыскысын башка шуркуяга берип жатканы күйгүздү. Жүрөк тешиги өзү бүтпөй калса операция кылдырабыз деп жүргөн элек. Эми ошол кызды таап эл көзунчө чачын жулуп ата-энесинин алдына алып барсамбы деп жатам.  Мен туура эле кылып жатамбы? Же жөн эле ажырашып кетсемби чалым менен

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *