Коом

Үч жашар наристени зордуктаган өспүрүм буга чейин да башка балага ангилик кылган дешүүдө айыл тургундары

“Манас” аэропортунун жолунда жайгашкан Кут айылынын тургундары үч жашар баланы зордуктаган өспүрүмдүн  үй-бүлөсүн айылдан чыгышын талап кылышууда. Бул тууралуу жергиликтүү сайттардын бирине билдиришкен.

Маалыматта, окуя Кут айылындагы БАЭ кайрымдуулук фондунун жардамы менен курулган барак тибиндеги үйлөрдүн биринде болгон. Бул үйлөрдө жетим, жесирлер жана майыптар жашап келген. Ал жерде жашаган жесир аялдын үч жашар уулун ошол эле үйдө жашаган 15 жаштагы өспүрүм зордуктап салган. Учурда бала чоңгө отурмак тургай ордунан туруп баса албай калган.

Айыл тургундарынын айтымында окуя бир нече кун мурун болгон. Баласы ордунан туруп баса албай чоңго барбай калганда билген апа милицияга чейин билдирген дешет. Бирок милиция кызматкерлери бул кылмыштуулукка эч кандай чара көргөн эмес. Буга чейин дагы ушул эле барак тибигнде жашаган жаш баланы да зордуктап коюп, анын апасы кылмышты жашырып унчукпай калган.

“Жабыркаган баланын энесине зордукчу өспүрүмдүн апасы кысым көрсөтүп жатышат. алар ошол барак үйлөрдүн ичинде да мафия түзүп алышкан. Алардын башында зордукчу өспүрумдүн апасы турат. Ошол себептен улам барак үйдө болуп жаткан кылмыш иштери ачыкталбай калууда дешүүдө айыл тургундары.

Ошондой эле 15 жаштагы зордукчу балага кылмыш иши козголуп, жазасын албаса айыл тургундары өспүрүмгө кошуп анын ата-энесин да айылган кууп чыгууга даяр экенин билдиришкен. Кандай болгон күндө да бир эмес эки жаш баланы зордуктаган өспүрүм жазага тартылбаса айылдын тургундарынын да балдарына кол салбай деп эч ким кепилдик бере албаганын да баса белгилешүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *