Коом

Үч кг гашиш менен кармалган шектүүнүн шериктери да болгон

Бангизат сатып жүргөн жарандын жанынан 3 кг гашиш табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, Аламүдүн районунун мейманканасынын биринен 39-жаштагы жаран бангизат сатууга шектелип кармалган. Анын асынган сумкасынан 3 кг опиум табылды.

Учурда жаран убактылуу камоочу жайга киргизилип тергөө иштери башталды. Ошондой эле бул кылмышка дагы эки жаран шектелип жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *