Коом

«Быйыл мектепке барам»: Эркайым өлүм алдында апасынан кечирим сурап, өмүр менен кош айтышты

Август айында Талас районунун Көк-Ой айылынын 14 жаштагы тургуну Эркайым Ибраимова 2 жылга созулган оорудан улам көз жумду. Апасы Назира Токталиева Turmush басылмасына кызына эл жардам катары чогултуп берген каражатты оору менен күрөшүп жаткан башка балдарга которуп бергенин билдирди.

«Кызым 7-класс болмок. 2 жылга жакын буту баспай, оору менен күрөштү. Акырына чейин «Айыгып кетем, быйыл сөзсүз мектепке барам» деп эңсеп жатты. Акыркы 2 ай Түркияга анализдерин кайталап жөнөттүк. Ал жактан абалы оорлошуп кеткенин айтышып, «операция жасоо мүмкүн эмес» деп коюшту. Ошол учурда дене табы түшпөй койду. Күн сайын абалы оорлошуп, дем алуусу начарлап жатты. Акыркы 3 күн Талас облустук ооруканасында кайра жандандыруу бөлүмүндө жатып калды. «Кызым, айыгып кетесиң. Өзүң каалагандай мектепке барасың» деп жаттым. «Апа, мени көп карап кыйналдыңыз, мени кечириңиз. Мени төрөп да кыйналдыңыз болуш керек. Анан кайра эле сизге жүк болуп жатам» деди. «Кызым, айыгып кетесиң» десем башын чайкап койду. 21-август күнү кызым кайра жандандыруу бөлүмүндө өтүп кетти.

Кызыма 740 миң сом чогулду. Анализине, ооруканаларга 180 миң сом жумшалды. Башында элден алган каражаттын 1 сомун кемитпей, башка ооруган балдарга беребиз деген ниетибиз бар болчу. Биз жаңы жарыя бергенде Т.Ш. деген кыздын видеосу келген. Анын дагы тагдыры аябай оор экен. Кичинесинде Төө-Ашууда унаа кырсыкка кабылып, ошол жакта калып, суук тийип, менин кызыма окшоп баспай калыптыр. Кызым айыгып калса, ушул кызга арткан акчасын берем деп ниет кылгам. Ал кызга 6,5 миң доллар акча котордук. Калган акчаны Талас районунда боорунан жабыркап, операцияга муктаж болгон бөбөккө котордук», – деди ал.

Эркайым үй-бүлөдө 4 бир тууган болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *