Быйыл «алтын сертификатты» 54 абитуриент алды

Быйыл «алтын сертификатты» 54 абитуриент алды

21-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
«Алтын сертификат» ээсине Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Мыкты окуган балдар 223төн 236га чейинки балл алышты.
 Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында быйыл 54 абитуриент жогорку көрсөткүчкө жетип, «алтын сертификатка» ээ болушту.
Жогорку балл алган балдар-кыздар:

Кызжибек Жээнбекова (236) — Ош, №4 мектеп;

Нурсейит Төрөбаев (236) — Бишкек, №61 мектеп-лицей;

Елизавета Алпацкая (234) — Бишкек, «Гарвард Интернешнл Скул» мектеби;

Аделя Сейитова (234) — Бишкек, «Маариф» мектеби.

Аман Есеналиев (233) — Бишкек, №61 мектеп-лицей.

Мыкты көрсөткүчкө баарынан көп бишкектик бүтүрүүчүлөр, тагыраагы, 39 абитуриент ээ болгон.
«Алтын сертификат» ээсине Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.
Булак: Аргумент кж