
Быйыл 9 айда милиция 33,5 миң кылмыштын 54,9%ынын бетин ачкан
03-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИИМде ички иштер органдарынын быйыл 9 ай ичинде аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жетекчилигиг алдында өткөн. Отурумда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, ички иштер органдары өлкө боюнча кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштардын алдын алууда жана мыйзамдуулукту орнотууга багытталган иш-чараларды толугу менен аткарып жаткандыгын билдирди.
«Кыргыз милициясынын тарыхында бүгүнкүдөгүдөй шарттар түзүлгөн эмес. Функционалдык милдеттер чыңдалып, ченемдик укуктук багыттагы ишмердик кеңейтилип, бекемделди. Бирок ага карабастан өзүнүн милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбай, түзүп берген шарттарды толук түрдө пайдаланбай же өздүк курамдын таалим-тарбиясын жана кадр сапатын жогорулатууга аракеттерди көрбөй, ишмердикти уюштурбай, күнүмдүк иштер менен алектенип, көзгө көрүмдүү иш алып барбай жаткан жетекчилер арабызда дагы да бар. Биз бардыгыбыз коомдук тартипти сактоодо эл ишенимин актоо багытында ишмердүүлүгүбүздү мыйзам чегинде жогорку деңгээлде аткарышыбыз керек», — деди Бийбосунов.
Булак: Аргумент кж