Буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү.Төрөбаев маселе жаралбай турганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында эгерде ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда. Ал эми өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын кору жетиштүү»,-деди Төрөбаев.

Мындан тышкары, Төрөбаев кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйылкы жылга карата «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдүлгөнүн кошумчалады.

Аргумент.kg