“Бульбулятор булбулдун” айынан Азамат Ногойбаевдин кашаңдыгы кашкайды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төкмөнүн камалышы, Бишкек ШИИБнин астындагы акындардын митингде ырдаганы коомчулук үчүн күтүүсүз көрүнүш болду. Милиция кызматкерлери кайсы бир деңгээлде катачылык кетиришкени иликтенип, баа берилиши шарт. Эгерде “Бульбулятор булбул”, ой… Болот Назаров чын эле кылмышка шектүү экен, анда милиция аягына чейин турбайт беле? Тергөөчүсү баш коргоо чарасын өзгөрттү да. Кызык. Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев митингчилерге ынанымдуу сөзүн айта албаганы менен тажрыйбасыз экенин көрсөттү. Кыйчалыш кырдаалда жол таап кете албаган мококтугу, кашаңдыгы менен кашкайды. Аманчылыкта турсаңар дагы көрөсүңөр, Ногойбаев милицияны далай уят кылат. Өздүк курамдын да ичи чыкпай калыптыр. Иштей албаган мындай сабатсызды эркелетпей кызматынан кетирүү зарыл. Аягы абийир төгүүгө алып барары байкалып калды.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg