Бул жоругу үчүн апам атамды өмүр бою кечирбей келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдо машина баратат. Күн куйкалап ийчүдөй ысык. Тиземде кызым уктап жатат. Айдоочу ойлуу.

— Апа, менин атам ким?

— Сенин атаң да, апаң да мен!

Тогуз жашта элем. Ошол бойдон бул тууралуу сөз козголбоду. Классташтарым дилбаяндарына ата-энем десе, мен апам деп жазам. Эжейибиз: “Эртең чогулуш болот, атаңар же апаңар келсин.” Менде тандоо жок, апам барат.

Эс тарткандан бери “Атам ким?” деген суроо тынчымды алчу болду. Апам канчалык сыр каткан сайын, кызыгуум ошончолук артат. Учкуч, космонавт, милиция, саякатчы, сыйкырчы. Күн сайын ар кандай образда элестетем. Эх, сүрөтү болсо кана!

“Алик байке келди!” Кээде үйүбүзгө апамдын эски таанышы келет. Колунда куурчак, көйнөк, китеп же шоколад. Бирок, апам эмнегедир Алик байке келгенде сүйүнбөйт. Чогуу аттракционго барып келели десек болбойт. “Эки сааттан кийин кызымды алып келип кой!” – деп үйгө кирип кетет.

— Көйнөгүң жаңы го. Атаң келип кеттиби?

— Жок, Алик байке.

— Алик байке, Алик байке. Байкең эмес ал, атаң!

Таежем конокко келген. Чуркап барып апама айттым. Үйгө кирип таежем менен  урушту. Таежем чай ичпей кетип калды. Чоңойгон сайын кошуналар, туугандар Алик байке атам экенин шыбырашчу болду. Алардыкы чын экенин апамдын көздөрү айтып турчу. Бирок, апамдын жүрөгүн оорутпайын деп, бул теманы жаап койдум.

Сүйүктүүмө турмушка чыктым. Мотурайган кыздуу болдум. Апамды сагынып айылга келгем. Бул жакта экенимди угуп, кечинде үйгө Алик байке да келди. Мектепти бүтүп кеткенден бери көрө элек элем. Карып калыптыр. “Эртең жумуштап шаарга чыкмакмын, ала кетейин” деди. Макул болдум.

Жол. Машинада баратабыз.

— Сиз менин атамсызбы?

— …

— Мага сизден эч нерсе кереги жок, болгону чындыкты билгим келет.

— Ооба.

Апамды боюнда бар кезинде таштап, башка бирөөгө үйлөнгөн экен. Таежем: “Сиңдим атаңды катуу сүйгөн. Таштап кеткенден кийин жүзүнөн күлкү жоголду. Сезимдерин ичине катып, жашоосун сага арнады. Кыязы, катуу таарынган окшойт.” Кыскасы, атам балалуу боло албай, кайра апама келет. Апам кечирбей коет. Бирок, акыр-аягы мени менен жолугуп турууга уруксат берет.

“Мени кечир кызым, апаң экөөңдүн алдында күнөөлүмүн! Жоопкерчиликти мойнума алгандан, эң негизгиси атаң экенимди айткандан корктум. Мени жек көрүп, табалашың мүмкүн. Бирок, жашоо мени жакшы эле жазалады. Баарын артка кайтара алсам кана?” Машинаны токтотуп, ыйлап кирди.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg