Бул нерсени ар бир ата-эне билсе, балдары бактылуу болот

Бул нерсени ар бир ата-эне билсе, балдары бактылуу болот

02-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Келиңиз, сепарация жөнүндө сүйлөшөлү. Ооба, бул тууралуу көп жазышат, бирок маалыматтын көбү татаал же илимий тилде болгону өкүндүрөт. А мен муну ата-энелерге жөнөкөй тил менен жеткиргим келди.
Бул процесс ар кандай үй-бүлөдө, ар кандай өтөт. Баары ата-эненин даярдыгынан, билиминен, тарбия берүү деңгээлинен, тажрыйбасынан ж.б. көз каранды.
Адегенде балаңыз толугу менен “сиздики”, сизге көз каранды, сиз жок бир кадам таштай албайт, ал тургай ойноп жатса да, чуркап келип сизге бир тийип кетет… Анан…
3кө чыкты. Ушундай берилүү менен ойноп жатат. Бирок, жанына барсаңыз, колуңузду акырын түрүп коет, оюнчукту тартып алат, сизден алыстайт ж.б. Кеңешиңизди же уруксатыңызды сурабастан, өзү бир нерсени жасоого же курууга аракет кылат.

7ге чыкты. Эми ал мектеп окуучусу. Мен бир нерсени байкадым, бала кандайдыр бир себептерден улам мектепке барбай калса дагы, эркиндикке умтулат экен. Андан тышкары, эгерде баары туура болсо, башкача айтканда, ата-энеси адекваттуу жана эркин болсо, анда ал жоопкерчиликке дагы умтулат экен.

10-14 жашта. Ата-энелерге сабыр тилейм, балээнин баары эми башталат. Мурдагы жоош, тилалчаак балаңызды тааныбай баштайсыз. Анын ордуна нааразы, сырдуу, ар дайым наалыган жана кандайдыр бир нерсеге капа болгон бактысыз кичинекей адам пайда болот. Кээде анда-санда жылмайып, жылуу сөз айтып же эркелеп сизди бир кубантып коюушу мүмкүн.
Балдар жана ата-энелер менен иштеген 20 жылдык тажрыйбама таянып, мунун баары ата-энелерди коркутуп, бактысыз кылат деп так айта алам.
Балаңыз сизден “бөлүнө” баштаганын дароо сезесиз. Бул нерсени эч нерсе менен чаташтыруу мүмкүн эмес.
Сизди жанына жолотпойт, сырлары жана сиз билбеген достору пайда болот, ар кандай деңгээлдеги агрессига алдырат, маанайы, адаттары өзгөрөт. Консультацияма келген ата энелер айткандай абалда болосуз: балам өзгөрүп кетти, баягы мен тааныган тилалчаак баламды кайтарып бериңизчи.

Албетте ата-энеге кыйын эле болот, кантип айтышты, эмне деп айтышты, эмнени айтышты, жүрүм-турумуна кандай реакция кылууну билишпейт. Көп учурда ата-энелер жооп катары таарынычты жана агрессияны тандашат. Анан согуш башталат, аттиң, бул согушта жеңүүчүлөр болбойт. Баары утулат, бирок чыгуу жолу бар. Эч нерсеге карабастан, баланын жанында болуу.
Айтып коеюн, оңой болбойт. Ошого карабастан, бир кездеги колдору бойтойгон бөбөктөй сүйүп, түшүнүүгө аракет кылып, зарыл болгондо артка чегинип, аны жайына коюп, алыстан гана байкоо салып, суроолор, өбүү, кучактоолор менен тынчын албаңыз. Күтүңүз. Кайтып келүүсүн чыдамкайлык менен күтүңүз. Эч кандай кыжырдануу, айыптоо, көз жаш жана манипуляциялардын кереги жок.
Эгерде бул нерселерди жасай алсак, анда биз маяк күйүп турган аскага окшоп, жылуулук жана жарык табыла турган тынч абалда болобуз. Анан балдарыбыз сезимдердин бороонунан, гормондордун цунамисинен кийин кайра эле бизге кайтып келет.
Андыктан алар менен бирге өзгөрүп, ар бир балабыз менен бирге чоңоюп, кээде алардан үйрөнүп, ыраазы болуп, мээримдүү болушубуз керек. Эч качан «менден учуп кетет» деп, канаттарын кеспеңиз. Өзүңүзгө байлап, тандоо жасоосуна жол бербей, анын жашоосуна кийлигише берсеңиз, анда балаңыз жаныңызда болгону менен сизди бактылуу кылбайт. Бул жерде кеп сүйүү эмес, ата-эненин өзүмчүлдүгү жөнүндө. Бийиктерге уча беришсин, барган сайын канаттары күчтөнсүн.
Сиз баарын жасай аласыз, анткени балаңыз эч качан өзгөрбөй турган нерсе бар экенин билиши керек — ал сиздин сүйүү жана сизге ар дайым кайтып келсе болот деген үмүт.

Булак: Аргумент кж