Бишкек шаарынын тургуну колбаса азыктарынан канаттуулардын калдыктарын таап, нааразычылыгына чек жок.
Анын айтымында, ал кайсыл бир белгилүү колбаса фирмасынын азыктарын алган. Анын үстүнө колбасада “Адал” деген жазуу болгон.
Бирок, ал аны кесип, стөлдүн үстүнө койгондо, колбаса азыктарынын ичинен канаттуулардын калдыктарын тапкан. Ал тургун мындан улам учурда дүйнөдө коронавирусттук инфекция күч алып жатканда эмнеге өлкөдөгү азыктарды чыгаруучу фирмалар санитардык нормаларды сактабайт, деп нааразы.
Bishkek24.kg