БУЛ 15 АДАТЫ БАР ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА ЧЫКМАК ТУРГАЙ, АЙЛАНЫП КАЧКЫЛА

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сизди сыйлабаган, сиздин сүйүүңүзгө татыксыз эркекке турмушка чыктыңыз дейли. Сизди
аялы катары гана көрүп баштайт. Жашооңуз тозокко айланат.
Сиз сүйгөн мырза сиздин сүйүүңүзгө, убактыңызга, жашооңузга татыктуубу, ойлонуп
көрүңүз.
Бул 15 адатты карап көрүп, эгерде көпчүлүгү бар болсо андай эркектен алыс эле
болгонуңуз туура
1. Сизге ишенбейт

Ишенбеген адам канчалык берилип сүйбөңүз, чынчыл болбоңуз сизди
чектейт. Бул мамиледе ишенбестик өкүм сүрөт. Жашооңуздагы баардык
жакшы нерселерди жаман нерсе болуп кетет деп бекитип баштайт.
Жашооңузду талкалайт. Кийин өкүнүп калбаш үчүн мындай эркекке турмушка
чыкпай эле койгон оң.
2. Жаныбарларды жаман көрөт

Жаныбарларды жаман көргөн эркек, өзү жаныбар. Боорукерлик жокко эсе.
Аллергиясы болсо бир жөн. Эгерде жаныбарды жек көргөн эркек менен
жаныбарыңыздын ортосунда тандоо турса, жаныбарыңызды тандаңыз. Сиздин
убактыңызга татыксыз.
3. Мамилелердин эрежелерин жокко чыгарса

Баардык мамилелерде негизги эрежелер бар, эгерде ал эрежелерди сактабаса
анда ал сизди же эрежелерди сыйлабайт.
4. Сөзүнө турбайт

Берген сөзүн аткарбай, сизди келесоо көрөт. Сиздин эмне ойлоп эмне
сүйлөгөнүңүз ага маанилүү эмес. Бир жолу сөзүнө турбаса кечирсеңиз болот.
Эгер сиз менен ойносо анда татыктуу эмес.
5. Сиз ал үчүн биринчи орунда эмессиз

Мамилеңер үчүн баардык күчуңүздү жумшасаңыз, ал эч нерсе кылбаса анда
бактылуу боло албайсыңар. Мындай мамиле максатсыз. Эртедир кечтир ага
турмушка чыкканыңызга өкүнөсүң.
6. Ал өзүн идеалдуу сезсе

Ал ар бир өзү чыгарган чечим, ар бир жасаган кадамы, ар бир айткан сөзү
туура деп эсептейт. Өзүн Мыктылардын Мыктысы сезет. Сизди да өзгөргөнгө
дуушар кылат. Өзүн дайыма туура сезип, катасын моюнуна албайт. Бул сизге
жана балдарыңызга зыян.
7. Бүтпөгөн шылтоолор

Шылтоолор бул — «мага бул маанилүү эмес, мындан да маанилүүсү бар»,-деп
айткандын эң оңой жолу. Сиздин суранычтарыңызды аткарбаш үчүн дайым
актана берсе, анда сизди баалабайт. Алтындай убактыңызды ага коротконду
токтотуңуз
8. Сиз менен уруш издеп турса

Мамиледеги уруштар адаттагы көрүнүш, бирок аягы жок болсо, жакшы эч
нерсе күтпөй эле койгонуңуз туура. Жашоодо жана мамиледе компромисс
болуп туруш керек, эгерде өзүнүнкүн эле туура деп оюн сизге таңуулабаса.
Эгер сиз эмне айтып жатканыңызды түшүнбөсө, анда ага убактыңызды
коротпой эле коюңуз.
9. Сизди уга билбесе

Ал жакшы жомокчу. Бирок сиз бир нерсе айткыңыз келсе сөзүңүздү жыра
талашып, өзүнүн монологун баштайт. «Мени сенин айта турган сөзүң
сезимдериң кызыктырбайт»-дегени. Ал үчүн маанилүү эмес экениңизди
көрсөтөт. Өзүңүздү жокко чыгарганга жол бербеңиз
10. Калп айтат

Жакшылык үчүн калп бар, мамилеңерге таасир берүүчү калп болсо, анда
жазалаш керек. Мамиле бири бириңерге ишенүү менен негизделет
11. Уйгактай жабышса

Бири бириңерди кандай гана сүйбөгүлө, күнүмдүк жумуштарды кылууда жеке
убактыңар болушу керек. Эгерде сизден ашыкча көз каранды болсо, демек
ишене бербейт. Чоң эле кишинин көз каранды болуп турганы туура эмес.
12. Үй бүлөсүн жек көрсө

Кээде ата-энебиз ашыкча жинибизге тиет, бирок биз аларды таштап
салбайбыз да. Үй-бүлөө бул биздин төрөлүп, өскөн жерибиз, биз муну унутуп
кое албайбыз. Ата энесин унуткан адам бир күнү сизди да унутуп коет. Ата
энесин жек көргөн адам нормалдуу үй-бүлөө күтө албайт.
13. Тамеки чегет

Канчадан бери таштайм деп сөз берип, бирок таштабай жүрсө, өтүнүчүңүздү
аткарбаса анда сизди адам катары деле көрбөйт.
14. Жаш баладай чечим чыгарса

Жаш бала кичине урушуп кетсе эле сүйлөшпөй таарынып калат. Биринчи
мүмкүнчүлүктө эле сизди таштап кетет. Чыдамсыздык эркекке мүнөздүү эмес.
15. Зордук, зомбулук кылат

Сүйүүдө физикалык жана эмоционалдык зомбулукка орун жок. Ырайымсыз
жана кемсинткен адамдан качыңыз. Өзүнүн ачуусун контролдой албаган адам
менен болгон мамиле чоң ката.
Мындай эркектер жөнүндө оюңар кандай, комментарийлерде бөлүшө
кетиңиз. Досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз!
Булак: Анан.кж

Аргумент.kg