
Бүгүн сотто аялынын колун үтүк менен күйгүзүп, зордуктоого шектелген жарандын бөгөт чарасы каралат
09-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте жарандык никеде жашаган аялынын колун үтүк менен күйгүзүп кыйнап, зордуктоого шектелген жарандын бөгөт чарасы бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык сотто анын бөгөт чарасын өзгөртүү жана кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочусунун апелляциялык арыздары каралат. Соттук отурум саат 15:40 жана 15:50гө белгиленген.
Эскерте кетсек, буга чейин Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы келин кайрылып, жарандык жолдошу Э.У. 14-сентябрда катуу сабап, колун ысык үтүк басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаганын билдирген. Бул боюнча ал милицияга арыз жазып, милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козгогон. 15-сентябрда шектүү катары American school ЖЧКсынын директору, 38 жаштагы Э.У. кармалган. 16-сентябрда Октябрь райондук соту шектүүнү №1 тергөө абагына 2 айга камакка алган.
Булак; Аргумент кж