
Бүгүн, Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду
05-кулжа, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 5- июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны министр Алтынбек Максутов ачып, андан соң, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, Дооронбек Садырбаевдин кыргыз мамлекетинин келечегине жүрөгү менен күйүп, анын жаркын келечеги үчүн кылган иштери жана анын басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү катары калышы керектигин баса белгиледи.
Ал эми сөз алган Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков жана Тамара Жаманбаева анын бийик адамгерчилигин эскерип, эл үчүн жан аябай, ак ниет, адал эмгек кылган коомдогу ардактуу ордун сыймыктануу менен эскерди.
Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаевдин эстелиги «Октябрь» кинотеатрынын күн батыш тарабында орун алган.
Булак: Аргумент кж