БҮГҮН 1-ИЮНЬ БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күнгө карата Кыргызстанда жер-жерлерде балдар үчүн майрамдык кечелерди уюштурууга даярдыктар көрүлгөн. Балдарга арналып көңүл ачуу салтанаттары өткөрүлүп, бөбөктөргө белек-бечкектер тартууланат.
Балдарды коргоонун эл аралык күнү өткөн кылымда 1949-жылы Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын Парижде өткөн конгрессинде негизделген. 1-мюнь балдарды коргоо күнү катары алгачкы жолу 1950-жылы белгиленген.