
Буга чейин талашка түшкөн «Октябрь» кинотеатры Чүй театры болду. Министрдин түшүндүрмөсү
20-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБуга чейин апрель айында аталган кинотеатрдын директору Ырыс Жоомартова нааразычылыгын айтып, президентке кайрылган. Ал ири суммадагы кредит алып, «Октябрь» кинотеатрында ремонт иштерин жасаганын, баары бүткөндө министрлик Чүй драма театрына өткөрүп беребиз деп жатканын айткан.
Талашка түшкөн кинотеатр боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов түшүндүрмө берди.
«Мамлекеттик мүлк деген бар. Биздин министрликке караштуу Кино департаментинин алдында республика боюнча 37 кинотеатрыбыз бар. Алардын бири — «Октябрь» кинотеатры. Буга чейин ал ижарага берилип келген. 2 жыл мурда ижарачылар өздөрү имарат салганын айтып, ижарага албай, өткөрүп беришкен. Андан кийин эч ким ижарага алган эмес, бирок өзүн-өзү каржылоо дирекциясы түзүлүп, тасмалар көрсөтүлүп келген.
Биз текшерүүлөрдү жүргүзгөндө эч кандай тишелүү документтер жок болуп чыккан. Мындайча айтканда, иштетүүгө уруксат берилген эмес.
Кинотеатрды ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүлөт, ага катышып, утуп алган жакка мыйзам чегинде мынча жылга деп берилет. Ремонт иштерин ошондо жүргүзүү керек. Бирок андай документтердин бири жок эле кинотеатрда оңдоо иштери жасалган.
Бирде батинке саткан дүкөнгө айланып, кээде башка максатка ижарага берилип жатканын өзүм көрүп кайткам. Ошондон кийин баарын токтотком.
Биз дайыма мамлекетти кыйнап келебиз. Маданият керек, маданият улуттун жүзү деп дейбиз. 30 жылдан ашык убакыттан бери Чүй драма театрынын, Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын имараттары жок.
Мамлекеттик мүлктү бирөөлөр өзүнүн ишканасындай иштеткени мыйзамсыз.
Мен ошондо эле айткам, кинотеатрды иштетүү мыйзамсыз деп. Андан кийин комиссия түзүлүп, министрлик тарабынан эч кандай мыйзамсыз иштер болбогонун аныктап, туура эмес иштердин баарын токтотуу боюнча чечим кабыл алды.
Эгерде биз мамлекеттен театр салып берүүнү сурансак 2 же 3 млрд сомдой каражат кетмек. Театр салуу бул эң кымбат, 10 мектеп салганга барабар. Ошондуктан биз мамлекеттик мүлктү туура пайдаланалы деп Чүй драм театрына өткөрүп бердик», — дейт министр.
Бирде батинке саткан дүкөнгө айланып, кээде башка максатка ижарага берилип жатканын өзүм көрүп кайткам. Ошондон кийин баарын токтотком.
Биз дайыма мамлекетти кыйнап келебиз. Маданият керек, маданият улуттун жүзү деп дейбиз. 30 жылдан ашык убакыттан бери Чүй драма театрынын, Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын имараттары жок.
Мамлекеттик мүлктү бирөөлөр өзүнүн ишканасындай иштеткени мыйзамсыз.
Мен ошондо эле айткам, кинотеатрды иштетүү мыйзамсыз деп. Андан кийин комиссия түзүлүп, министрлик тарабынан эч кандай мыйзамсыз иштер болбогонун аныктап, туура эмес иштердин баарын токтотуу боюнча чечим кабыл алды.
Эгерде биз мамлекеттен театр салып берүүнү сурансак 2 же 3 млрд сомдой каражат кетмек. Театр салуу бул эң кымбат, 10 мектеп салганга барабар. Ошондуктан биз мамлекеттик мүлктү туура пайдаланалы деп Чүй драм театрына өткөрүп бердик», — дейт министр
Булак: Аргумент кж