БРИКС өз валютасын чыгарууга киришти

БРИКС өз валютасын чыгарууга киришти

08-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Азыркы учурда планетадагы мамлекеттер аралык байланыштар жана бирикмелер аябай өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Россиянын президенти В.Путин айткандай эл аралык татаал маселелерди бир гана борбордон б.а Батыштын көз крашы менен чечип кою мүмкүн эмес. Азыр планетада бир эмес көп борбордуу система түзүлөт. Мына ушул ойдун практикалык жактан ишке аша баштоосунун мисалы катары эксперттер бир топ мамлекеттин башын бириктирген БРИКС уюмун эсептешет.
Бул уюм 2006 — жылы БУнун кезектеги чогулуш учурунда чечиле баштаган. Төрт ири өлкөнүн өкүлдөрөрү Бразилия, Россия, Индия, Кытайдын өкүлдөрү чогулуп бирикме түзүүгө макулдашышкан. Андан кийин 2011 — жылы бул уюмга Түштүк Африка Республикасы да кирген. Натыйжада ушул өлкөлөрдүн аталышынын баш тамгаларынан турган БРИКС деген уюм пайда болду. Уюмдун негизги максаты башка күчтүү өлкөлөргө көз каранды болбогон экономикалык өсүштү камсыз кылуу. Бул өлкөлөр өз ара соода жүргүзгөндө АКШ доллларынан баш тартып, өз валюталары менен эсептешип калышат.
Бул уюмга планетанын көп өлкөсү кошулуу аракетин көрүүдө. Жакында өткөн Туштүк Африккадагы кенешмеде  дагы алты өлкө бул уюмга мүчө болуп кирмей болду. Ошондой эле дагы бир негизги маселе БРИКСтин жалпы бир валютасын иштеп чыгуу көтөрүлдү. Бирок жалпы валютаны киргизүү көп убакытты талап кылынары да айтылды. Ал акча бирдиги эмне деп аталаары да азырынча белгисиз.
Акырындык менен АКШ долларынын да күнү бүтүп бараткандай. Бардык нерсенин башталышы жана аягы болот эмеспи

Булак: Аргумент кж