
Боом капчыгайында таш кулатылып,жол жабылат
17-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118 чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатылып, автоунаа жана темир жолу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.
Таш кулатуу иштери күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлүп, трасса 17-апрелден 21ине чейин тосулуп турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Булак:Аргумент кж