Бөлөмдүн буз сөзүнөн кийин аракты таштап, жаңы жашоо баштадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Апам чалды. «Бөкүштү (аты өзгөртүлдү) скорый алып кетти! Тез кел!» Достор менен сайрандап отургам. Кантип жетип барганымды билбейм. Операцияга алып кирип жатышыптыр. Адаттагыдай кызуу элем. Мени көрүп сүйүнүп кетти. — Баары жакшыбы? Эмне кишини коркутуп? — Баягы эле ашказан да. Эгер аман калсам, болду жаңы жашоо баштайм. — Баягыда эле баштайм дебедиң беле? — Мунусунда точно баштайм. Бүгүн кыркылыгы. Боз үйдүн түбүндө башымды жерге салып отурам. Экөөбүз качан жолукпайлы, сөзүбүздүн аягы «жаңы жашоо баштайм» деп бүтөт эле. Бирок, сөзүбүзгө турбайт элек. Мына минтип, жашаганга жетишпей калды. Өзүмө канча жолу сөз бердим. Ичимдиктен алыстайм, алыстайм деп. Жок, аялым менен ажырашуу дагы жашоомду бура албады. Мен эле эмес, баарыбыз ошондой экенбиз. Чынбы? Моюнга алгыла… Өмүрүбүз күтүү менен өтөт тура. Балдар чоңойсун анан дейбиз, кредит бүтсүн анан дейбиз, үй бүтсүн анан дейбиз, машина алалы анан дейбиз… Аягы жок. Бүттү. Карыганда деле токтотпойт экенбиз. Оорум бүтсүн анан дейбиз. Небере чоңойсун анан дейбиз… Аягы жок. Качан! Качан жашайбыз. Ошентип өтүп кетет турбайбызбы. Анан деген сайын бүтпөйт тура. Башымды мыкчып ыйлап жаттым. Анан деп жүрүп жашоого жетишпей калган бөлөмдү эстедим. Көрсө учур менен жашаш керек тура. Нан жок болсо дагы, кара чай ичип сүйүнүп, жамгырдан ырахат алып, азыркы, бүгүнкү күн менен жашаш керек тура. Жакындарым аман. Алар менен сүйлөшүп, азыр жашаш керек тура. Мен азыр жашоону чечтим. Баягы мен жок. Мен өзгөрдүм. Бөлөмдөй болуп жашай албай калгым келбейт. Ар бир күнүмдөн ырахат алам. Балдарым менен көп сүйлөшчү болдум. Туугандарга жакындадым. Атүгүл Актөшкө дагы убакыт бөлө баштадым. Жөн гана анын башын сылап койгондо сүйүнөм. Мен азыр жашап калдым. Бир келчү жашоомду, анан менен бүтүргүм келбеди. Толтура майда нерселер бар экен. Мен дем ала баштадым. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg