Бөлөм чын эле окуткан болсо, турмушка чыкпай каламбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы .Мага кенешинер керек эле.Мен 24 жаштамын, тайэжемдин колунда чонойгом, атам менен апам ажырашып кетишкен. Апама жардам берем деп мектепт бүтүп эле Москвага келип иштеп жүрсөм  отпуск алып  келгем эс алганы ,азыр үч женем сүйлөшүп жатканын угуп калдым,24 кө чыкты үйгө бирөө да сурап келбеди, же өзү эч ким менен сүйлөшө албайт эркек соорой дагы ж.б деп мени жамандап отурушуптур.Анан эле бөлөм келип аларга кошулуп жамандап жатат. Ал эч качан турмушка чыкпайт, чыга албат деп. Алар неге деп сураганда ал болсо мен окутуп койгом деп күлүп кетип калды. Мен алардын сөздөрүн угуп алып жаман болуп олтурам. Келгениме өкүнүп.Туура эч ким келген эмес мени сурап, эжемдер сүйлөшүп көр дейшет, бир сүйлөшөм өздөрү эле жок болуп кетишет. Бөлөмдүн сөз да, чынбы деп ойлоп калдым.

Булак:  Аргумент.кж

Аргумент.kg