Болочок жолдошум тажик экенин ата-энеме кантип айтам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы эжелер!  Менин катыма акыл-кеңешиңиздерди бериңиздерчи?  Питерге магистратурага окуп келип, ушул жакта иштеп калгам. Ушул жактан тажик улутундагы жигит менен таанышып, эки жарым жылдай жакын достордон болуп журдүк. Анын мага жасаган мамилеси жакшы. Экөөбүз тең бул жакта окугандыктан жарандыгыбыз Орусияныкы.  Бул жактан жарандык никеде жашап жатканыбызга алты айдын жузу болду. ушул жайда ата-энеме барып таанышып, келели деп пландап жатканбыз. Тилекке каршы өткөндө жакында чек арадагы эки өлкөнүн кагылышынан улам туугандарыбыздын үй-жайы өрттөлүп кетиптир.  азыр үйгө чалсам эле туугандарыбызды айтып жаман абалда болуп жатышат.

Эми жаман улут болбойт жаман адам болот дейт эмеспи беш жылдан бери жолдошумду жаттап деле калгандай болдум. Орус мүнөздүү, кичипейил улутка динге бөлүнбөгөн адам. А Туугандар кеңеш бериңизчи. Эмне кылсам?. Жакында эле боюмда бар экенимди  да билдим,туугандарыма айтсамбы?

 

Аргумент.kg