Орусиялык блогер Илья Варламов Кыргызстанда орус тилдүү кызды башка чапкан жигиттин кылыгынан кийинки ызы-чуу боюнча пикирин телеграм-каналына жазды.

Анда ал тез арада чара көрүүнү, орус калкын коргоону талап кылып жаткан адамдарды белгилеп  «Орусиянын өзүндө жагдай кандай?» деген суроо узаткан.

«Мен улутчул адамдарды жактырбайм, кыргыз, казак, орус болбосун. Орустар кайсы жерде болсо да өзүн коопсуз сезип, орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эч ким одоно сөз айтпашын каалайм. Ошол эле учурда, биз орустарга башка өлкөдө жакшы мамиле кылуусун каалагандай эле Орусияда кыргыз, өзбек, казактар өзүн ыңгайлуу сезишин каалайм», — деп жазган ал.

Варламов Орто Азиядан келген адамга Орусияга келгенде, аэропорттон эле начар мамиле жасаларын белгилеген.

«Орто азиялыктар эле эмес, биздин орусиялык якут, бурят, калмактардан: «Иштериң кандай?» — деп сурап көргүлөчү. Аларга биздин орусиянын борборундагылар  канчалык сый мамиле кылышат? Батирди ижарага алуу оңой бекен? Полиция көзүнүн түсү башкача болгону үчүн эле текшере бербейт бекен?», — деген жазып чыкты.