
Блогер Улукбек Карыбек уулуна 16 миң сом айыппул салынды
23-бугу, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБлогер Улукбек Карыбек уулуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн 16 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактарда билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарга блогердин унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, коопсуздук курун тагынбаганы тартылган видео тараган.
Анын айтымында, жол эрежесин бузганы үчүн ал айып пул төлөө үчүн Милициянын кайгуул кызматкерлерин чакырган.
Ага карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн 15 миң сом жана кур тагынбаганы үчүн 1 миң сом айып пул салынган. Ал 1 миң сомдук айып пулду 30 күн ичинде 70%дык жеңилдик менен төлөй алат. Ал эми карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн андай жеңилдик каралган эмес.