Бизнес менен кадр саясатын калчаган Акылбек Түмөнбаев

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башкы куда, депутат Акылбек Түмөнбаев эки жылдан бери катуу ирденди. Байыды. Катар-катар хансарай салып атканы буга чейин дуулдап, ишкерлик жагынан да ити чөп жей баштаганы маалымдалган. Кадр саясатын да калчап, баардык тармактарга өз адамдарын, суранган тааныш-билиш, дос-жарлардын балдарын көтөрүүдө. “Май кармаган бармагын жалайт” дегендей, кызматка орноштуруу да өзүнчө бизнес беле? Анан калса, “кара бодур” жолдошторунан бери кафе, чайканаларды ачышып, удургуп эле баратышат. Адам канчалык байып, мартабасы көтөрүлгөн сайын көзүнө эч нерсе көрүнбөй, “дагы да алсам-жутсам” деп калабы? Кыязы, бул өңүттө Акылбек Түмөнбаевдин таскагы катуу чыгууда. Баардык нерсенин бүткөн чекити болот эмеспи. Аягы аянычтуу тамамдалбайбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg