
Бишкектин тургуну 11 жашар уулу унаа айдаганы үчүн айыпка жыгылды
17-теке, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваБишкек ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек шаарынын тургуну А.Н.га 11 жаштагы уулуна унаа башкарууга уруксат бергени үчүн 15 миң сом айып салды
ЖККБдан маалымдашкандай, 14-июлда А.Н. уулунун “Тойота Камри” унаасын айдап бараткан видеосун жарыялаган.
Бул видеодон кийин унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаанын ээсине протокол түзүлдү.
Булак: Аргумент кж