Бишкектин мэри Абдыкадыров кызматтан кеттиби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «кызматтан кетти» деген маалымат кызуу талкууланууда.

Ал эми жогорку маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы четке какты.

Эске салсак, кечээ, 29-ноябрда Ош шаарынын мэри алмашкан. Алмаз Мамбетов мэрликтен бошотулуп, анын ордуна буга чейин «бийликти күч менен басып алууга шектелген» Бакытбек Жетигенов дайындалган.

Ал эми Ош шаарынын мэринин кыска убакыт ичинде алмашуусу боюнча бүгүн, 30-ноябрда депутат Айбек Осмонов нааразычылыгын билдирген.

Ошондой эле, эл өкүлү Ош жана Бишкек шаарынын мэрлерин шайлоо жолу менен дайындоону сунуш кылды.

Эске салсак, Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын 24-февралынан бери Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап келет.

Аргумент.kg