
Бишкектин айрым унаа жолдору 16-17-ноябрда жабылат
15-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева16-17-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизишет. Бул туурапуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү борбор калаада КМШнын
парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөрү белгиленди.
Мындан улам төмөнкү жолдор тосулат:
— Фучик көчөсү. «Манас» аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейин;
— Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
— Манас проспектиси мамлекеттик резиденцияга чейин;
— Медеров көчөсү. Байтик баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин.
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа
калтырбоого, оор жүк ташуучу айдоочуларды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы
айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды» — деп айтылат маалыматта.
Кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.