Бишкектин айрым мектептеринде бомба коюлганы боюнча маалымат келип түштү

Бишкектин айрым мектептеринде бомба коюлганы боюнча маалымат келип түштү

26-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, Бишкектин  дагы бир нече мектептеринде жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  №33, 67, 90, 51 жана Oxford менен «Рифал» жеке мектептеринде бомба бар деген маалымат тарап, аталган мектептерде окуучулар эвакуацияланышты.

Белгилей кетсек , мындай окуя апрель айында үчүнчү ирет кайталанууда.
Буга чейин болгон эки ирет жардыруучу зат коюлду делген менен, эч кандай күмөндү заттар табылган эмес.

Ошондой эле , эгер мындай маалыматты жөн гана коомчулукка таратып ,элди дүрбөлөнгө салган шектүу кармалса 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.Бул тууралуу ички иштер министрлиги эскертет.

Булак:Аргумент кж