Бишкектен Кытайдын Ченду шаарына түз аба каттам ачылат

Бишкектен Кытайдын Ченду шаарына түз аба каттам ачылат

09-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

 

Бишкектен Кытайдын Ченду шаарына түз аба каттам ачылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Аба каттам кытайлык Loong Air авиакомпаниясынын учактары менен аткарылат. Бишкек — Ченду багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Аталган каттам быйыл 12-декабрдан 2024-жылдын 30-мартына чейин аткарылат.

Учурда аталган авиакомпаниянын учактары Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына учууда.

Булак; Аргумент кж