
Бишкектеги маршруткадан 200 миң сом уурдалган. Чөнтөкчү кармалды
02-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМилиция кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
15-октябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ж.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүч арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 19:20 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан кичи автобустардын биринин ичинен чапанынын чөнтөгүнөн капчыгын уурдатып, ичинде 100 доллар, 200 миң сом акча каражаты жана аты-жөнүн тастыктоочу документтер болгон. Андан соң чөнтөкчүлөр белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Издөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кармалды. Ал мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата 15-ноябрга чейин бир айлык мөөнөткө, Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги такталууда.
Булак: Аргумент кж