Бишкектеги ЦУМ соода борборунун кожоюнуна сырттан айып тагылып, издөө жарыяланды

Бишкектеги ЦУМ соода борборунун кожоюнуна сырттан айып тагылып, издөө жарыяланды

14-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

УКМК тарабынан Бишкектеги ЦУМ соода борборунун кожоюну Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке эл аралык издөө жарыяланды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергөө жүрүүдө

Анын алкагында ЦУМ-Айчүрөк соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата 263-берененин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

А.Габбазов кримавторитеттин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

Аталган жаран улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке Mercedes-Benz-222 брондолгон унаасын белекке берген, унаа А.Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны экс-премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

Тема боюнча:

Булак: Аргумент кж