Бишкектеги “Чынар” соода борборунан бомба изделип жатат

Бишкектеги “Чынар” соода борборунан бомба изделип жатат

17-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкектеги ГУМ “Чынар” соода борборунда адамдар эвакуацияланып, жарылуучу зат изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине саат 10:50дө билдирүү түшкөн. Ошол  замат жерине келген кызматкерлер адамдарды сыртка чыгарып, кинологдор жарылуучу затты издеп баштаган.

Жеринде кызматкерлер тийиштүү иштерди аткарууда.

Булак: Аргумент кж