Бишкекте жеңил өнөр жай боюнча II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт

Бишкекте жеңил өнөр жай боюнча II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт

08-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте 9-августта текстиль жана жеңил өнөр жай тармагы боюнча II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара NOVOTEL бизнес борборунда өтүп, саат 10:00до башталат.

Форумга Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Корея менен Кыргызстандын алдыңкы текстиль компанияларынын, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Булак: Аргумент кж